Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору ооруган адамга жакын туугандардын органдарын же ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат бермекчи.
Демилгечи депутат Игорь Гусаровдун айтымында, медицина өнүккөн мамлекеттерде өлгөн адамдардын органдарын трансплантациялоо өткөрүлүүдө. "Бул маселе боюнча башка мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек. Мындан тышкары бир гана туугандардын эмес, донорлордун органдарын да трансплантациялоо боюнча айрым депутаттар тарабынан сунуш түшкөн",- деп билдирди Гусаров.
Бирок комитет мүчөлөрү Ыргал Кадыралиева жана Мирлан Бакиров бул сунушка каршы чыгышты. Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору өзгөртүүсүз түрдө жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
Айта кетсек, эгерде саламаттыкты сактоо уюму адамдын органдарын трансплантациялоо боюнча операцияларды жасаш үчүн зарыл адам ресурстарына, медициналык аппаратурага, тиешелүү сертификаттарга жана башка керектүү документтерге ээ болсо, Кыргыз Республикасынын аймактарында мындай түрдөгү операцияларды жасаганга мамлекеттик да, менчик медициналык мекемелерде да уруксат берилет.