Изилдөө: Жогорку же кесиптик билими жок жаштар көп учурда сатылып кетишүүдө

Борбор Азияда адам сатуу маселеси курч болууда. Кыргыз Республикасынын 60 миң жаранынын өлкө ичинде жана чет мамлекетте да сатылып кетүү коркунучу бар. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-июндагы жыйынында эл аралык адистердин изилдөөсүнүн отчётунда берилди.
Ага ылайык, Борбор Азияда көп учурда жогорку же кесиптик билими жок адамдар сатылып кетишүүдө. "Алардын басымдуу бөлүгү 18 жаштан 24 жашка чейинки куракта. Мындан тышкары алыскы аймактарда жашаган аз камсыз болгон жарандар да эксплуатациялоого алынышууда. Сатылып кеткен адамдардын 70 пайызын эркектер, 30 пайызын аялдар түзөт",- дешет адистер.
Аталган отчётто "адам сатуу" беренеси боюнча 2014-жылы 18 кылмыш иши козголгону белгиленди. Ал эми 2002-жылдан 2014-жылга чейин аталган берене боюнча жалпысынан 237 кылмыш иши козголгону да айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан