Бакыт Рысбеков: "Өлкөдөгү жабык мекемелердин кызматкерлери жана тазалагычтары балдарды ур-токмокко алышууда"

"Өлкөдөгү жабык мекемелердин кызматкерлери жана тазалагычтары балдарды ур-токмокко алышууда". Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыйноолорду, катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянып билдирди.

Анын айтымында, көп учурларда кыйноо фактылары түнкү маалда орун алат. "Жабык мекемелердин биринде кызматкер идиш жууп жаткан баланы "таза эмес жуудуң" деп урушуп, ур-токмокко алган. Бул факты боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, укук коргоо органдарына тапшырылган",- деп мисал келтирди Рысбеков.

Мындан тышкары ал мамлекетте адам укуктары боюнча программа натыйжа бербей жатканын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан