Парламент кыргыз жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз жумушка орноштургандарга карата айып пулдун көлөмүн жогорулатты

Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз жумушка орноштургандарга карата айып пулдун көлөмүн жогорулатуу боюнча мыйзамды жактырды. Добуш берүүдө 102 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш берди.
Ага ылайык, чет өлкөгө жумушка мыйзамсыз жөнөтүү менен алектенген адамдарга карата айып пулдун өлчөмүн төмөнкү ченемге чейин жогорулатылат:

- физикалык жактар үчүн – 50дөн (5 миң сом) 100гө (10 миң сом) чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;

- кызмат адамдары үчүн – 100дөн (10 миң сом) 200гө (20 миң сом) чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;

- юридикалык жактар үчүн – 500дөн (50 миң сом) 1000ге (100 миң сом) чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө.

Айта кетсек, эми бул мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан