"Ата Мекен" социалисттик партиясынын райондук жана облустук конференциялары уланууда. Кечээ эле Талас облустук конференциясын ийгиликтүү өткөрүп келишкен "ата мекенчилер" 18-июнда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда конференция өткөрүшөт.
Партиялык конференцияны
уюштуруучулардын бири Октябрь Абдрахмановдун айтымында, аталган
иш-чарага райондун 200дөн ашык активдүү "ата мекенчилери" жана жактоочулары катышып,
партиялык түзүлүштүн оош-кыйышы, райондогу көйгөйлүү маселелер жөнүндө
талкуулашат. Конференциянын ишине Жогорку
Кеңештин депутаттары Жоомарт Сапарбаев, Бакытбек Калмаматов өңдүү жаш
депутаттардын катышуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин мындай партиялык конференциялар республиканын район-шаарларында, Нарын жана Талас облустарында да болуп өттү.