Каракол шаарында мурунку бала бакчанын имаратын учурда прокуратура, сот жана милиция бөлүмдөрү ээлеп отурушат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди.
Анын айтымында, аталган имаратты бошотуп берүүгө жергиликтүү мэрия даяр, бирок муктаждык жок. "Ошондой эле Сокулукта бала бакчанын имаратында прокуратура бөлүмү бар. Аны бошотууга аракет кылып жатабыз",- деди Токтогулов.
Ал эми депутат Каныбек Осмоналиев өлкөдө 20га жакын бала бакчада диний уюмдар жайгашканын маалымдады. "Бала бакчаларды кайтарууда алсыздыкты көрсөтпөө керек. "Убагында ким сатты?", "Кимге сатты?" деп күнөөлүүлөрдү издегендин ордуна бала бакчаларды кайтарып салуу зарыл",- деп сунуштады Осмоналиев. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бала бакчаларды сот аркылуу гана кайтаруу мүмкүн экенин депутаттарга эскертти.