Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоор талкууланат
Бүгүн, 18-июнда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтун өлкөдөгү жаштар саясатын 2020-жылга чейин өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоору талкууланат. Министрликтин маалымат кызматы жыйында долбоордун концепциясы жана топтун бул багыттагы иштери карала турганын билдирди. Ага министрликтин өкүлдөрү, эксперттер, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат.