Кылмыштуу жол менен табылган кирешени ачыкка алып чыгуу боюнча жаза күчөтүлүүдө

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште кылмыштуу кирешени адалдоого, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракетти жандандырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралды. 

Демилгечилердин айтымында, кылмыштуу кирешени адалдоого, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракетти жандандыруу КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КРнын Кылмыш-жаза кодексине, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Мыйзам долбоору өлкөдөгү коррупциялык аракеттерге каршы күрөштү күчөтүүгө, кылмыш жолу менен табылган каражаттарга бөгөт коюуга багытталган. "Ушул сыяктуу укук бузуу көрүнүштөрүнө карата жазаны күчөтүү, кылмыш иштерине катышы бар айрым юридикалык жактарды мажбурлап жабуу сунуш кылынууда. Бул багыттагы кылмыш иштерин козгоо сот аркылуу чечилет. Мындай жол-жоболор эл аралык тажрыйбада кеңири колдонулат",- дешти демилгечилер.

Ошондой эле биринчи окуунун жүрүшүндө берилген сунуштар Каржылык чалгын кызматы менен бирге каралып чыгып, алардын алгылыктуулары эске алынганы белгилүү болду.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан