Өлкөдө медайымдардын айлыгы 6 миң сом болсо, тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер айына 18-20 миң сом алышат

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акылары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, ал жетектеген министрликтин аппаратында айлыктын көлөмү 3 миң сомдон 16 миң сомго чейин. "Медайымдар айына 6 миң сом алышат. Ал эми тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер, профессорлор, докторлордун айлыгы 18-20 миң сомго барат",- деди министр.

Депутат Дастан Бекешев "мындай аз айлыктар менен кызматкерлер министрликке баш ийбейт" деген пикирин айтты. "Силер буйруктар менен жумуштан кетирсеңер болот, кыскартсаңар болот, бирок саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чече албайсыңар. Эмне себептен биздин медиктер мамлекеттик эмканада жана жеке медициналык клиникада иштеп жатышат? Анткени эмгек акылары аз. Айрым жеке менчик ооруканаларда медициналык тейлөө мыктыраак көрсөтүлөт",- деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан