Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында парламенттик шайлоодо босоголук чекти 9 пайызга чейин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.
Талкууда депутат Дастан Бекешев "Эгер 9 пайыздык босогодон бир эле партия өтүп 65 мандатка ээ болсо, калган 55 мандат кантип бөлүштүрүлөт?" деп долбоордун демилгечилеринен сурады.
Буга Феликс Кулов жооп берди. "Мыйзамга ылайык, жаңы парламент биринчи жыйын өткөргөн соң иштей баштайт. Ага чейин азыркы парламент иштей берет. Эгер аталган кырдаал түзүлүп калса, анда биз чогулуп, адилеттүүлүк принцибин колдонуп, 55 мандат кайсы партияларга берилерин чечебиз",- деп сунуштады Кулов.