Калктуу пункттардын жашоочуларынын жыйындарынын токтомдорунун негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Чычкан-Көл, Андагүл, Жаңы-Турмуш, Жар-Башы калктуу пункттарына айыл макамын берүү жөнүндө Папан айылдык кеңеши 2014-жылдын 13-мартында токтомдорду кабыл алган. Кара-Суу райондук администрациясынын 2014-жылдын 25-декабрындагы токтомдору менен жогоруда аталган калктуу пункттарга айыл макамын берүүгө макулдук берилген.
Аталган мыйзамдын долбоору жергиликтүү элдин ыңгайлуу жашоосуна шарт түзүүнү, алардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн, ички миграциянын кыскаруусун жана азыркы учурдагы күчүндөгү мыйзамдарга ылайык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдү иретке келтирүүнү көздөйт. Калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жергиликтүү жамааттарга өз Конституциялык укуктарын ишке ашырууга жана өз кызыкчылыктарында жоопкерчиликтеринин астында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жана натыйжалуу өнүгүүнү шарттайт.