Мамлекеттик геология агенттиги Жалал-Абад облусундагы сурьма кенин сатуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган кен 1941-жылы табылып, ал жерде ири геологиялык иштер жүргүзүлгөн. Кенди иштетүүгө укук берүүчү лицензиянын башталгыч баасы 100 миң долларга барабар. Аукцион 2015-жылдын 3-августуна белгиленди.