Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар саат 20:00гө чейин иштешет. Тиешелүү чечимди добуш берүү менен кабыл алышты. Жумушчу мөөнөттү узартууга күн тартибине киргизилген маселелерди карап чыгуу зарылдыгы себеп болду. Учурда эл өкүлдөрү Улуттук банктын төрагасынын 2014-жылдагы отчётун карап жатышат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 29-30-июнда дагы кезексиз жыйындарын өткөрөт.