Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында XIX Эл аралык экономикалык форумга катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин аталган форум ачык жана ишеничтүү сүйлөшүүгө ыңгайлуу аянтча экенин белгилеп, Орусияга болгон кызыгуу жана ишенич үчүн конокторго ыраазычылыгын билдирди. "Биз өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда тең укуктук жана сый-урмат шарттарында иштөөгө даяр мамлекеттер менен кызматташууга умтулуудабыз",- деди Путин.
Айта кетсек, XIX Эл аралык экономикалык форумга өлкө лидерлери, өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жана ири ишканалардын жетекчилери, экономисттер, окумуштуулар катышууда.