Андан кийин Алмазбек Атамбаев менен Константин Ромодановский кол коюлган документке тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу эске алынып, Федералдык миграциялык кызматы тарабынан үч жылга кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандарына, эгерде ушул мөөнөттүн кеминде теңи өтсө, Орусияга кирүүгө уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Ошол эле учурда Орусиянын миграциялык мыйзамын бузган кыргыз атуулдарына 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде эч кандай санкция колдонбостон, Орусиянын аймагынан эркин чыгып кетүүгө жана тоскоолдуксуз кайра кирүүгө уруксат берүү тууралуу чечим кабыл алынды.