Президент Алмазбек Атамбаев 19-июнда Санкт-Петербург шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кызматташуунун соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетикалык тармактардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууну ачып жатып Владимир Путин Кыргыз Республикасы Орусиянын Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөшү жана союздашы экендигин белгиледи. “Биздин саясий мамилелерибиз жана интеграциялык процесстер гана өнүкпөстөн, Орусия Кыргыз Республикасынын соода-экономика боюнча негизги өнөктөшү болуп калууда”,- деди ал.
Президент Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Орусия кыргыз өлкөсүнүн маанилүү стратегиялык өнөктөшү болуп саналарын белгиледи: “Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосунда мамилелер кайра калыбына келтирилип, активдештирилип, бекемделип жаткан акыркы жылдардагы тенденция мындан ары улам күчөтүлө берет”.
Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумду ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктады. Ошондой эле биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн карап, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн аспектилери туурасында пикир алмашышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз өлкөсүнүн аймагында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлордун жана макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн терең талдап, алардын өз мөөнөтүндө ишке ашырылышынын маанисин белгилешти.