5-июнда төрөлгөн үч эм адистештирилген балдар үйүнө чыгарылат

5-июнда үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл Камчыбек кызы Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан адистештирилген балдар үйүнө чыгарылат. Бул тууралуу 20-июнда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 
Маалым болгондой, аталган балдар үйүндө медициналык кароо жана бардык шарттар түзүлгөн. Үч эм бүгүнкү күндө Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун наристелердин патология бөлүмүндө жатат.
Айта кетсек, Бактыгүл Камчыбек кызы буга чейин Бишкекте үйү жок экенин айтып, өкмөткө жардам сурап кайрылган. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев жардам катары100 миң сом, өкмөт 100 миң сом бөлүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
suiuktuujar
2015-06-20 14:11:03
Жоктон коро жогору дегендей кылып коюшубтурда.
+1
kirgizstan
2015-06-20 14:24:16
Жок дегенде балдарын он сегизге чыкканча деп бир комната берсе балдары чоноюп иштеп акчасын толоп да коймок оздоруно откозуп
+8
Akmosha
2015-06-20 15:01:31
3 баласынан бир да кабар албаган,ойлонбогон АТА соорой кантип журот болду экен,жер басып.Балдардын омурлору узуун,ден соолуктары чын болсун.Энесине куч кубат берсин кудайым.2,3 жыл башта орус аял 3 эм торогондо мамлекет 2 комната уй Берген болчу,бул келинге 1 комната бергенге жарашпаптыр да.Кудайым колдосо уй да башкасы да болот,ИН ША АЛЛАХ!
+7
jass00
2015-06-20 16:36:10
Akmosha, Ал ата сорой чын эле кантип журот экен, бети жок десе,уят го тууган урук,эл журтка деле
+2
Aramisa
2015-06-20 18:24:21
jass00, biiliktegiler ui berse ele jetip kelet al ata soroi, tugandary da koboiot uiluu bolgondo. Bizde oshondoi go negizi.
+1
nurbek290992
2015-06-20 15:14:45
бул эжеге аллах бекеринен 3 бала берген жок аллахым озу жардам берет. куйоосу кайненеси жалдырап келет бир куну.
+5
Beise
2015-06-20 15:15:51
Бактыгулго бир комнаталуу уй бериш керек эле кимиси болсо да созсуз эле атасы ага туугандары болсо береби окмот. Бул адилетсиздик.
+5
Beise
2015-06-20 15:17:57
Ушунча калайык калктын батасын алмак ушул келинге ким уй берсе же жардам берсе
+3
mirana9395
2015-06-20 15:46:24
Уят эле бииииир комната уй бере албаган чондорго тан калдым.
+3
Mercedes202
2015-06-20 15:52:00
100000 сом азыр эмнеге жарамак эле ага памперс эле албаса. Андан коро квартира берсе боло!
+2
ayjamal83
2015-06-20 17:12:09
Kuyoosu,apasy bar dep ele,kvartira bergen jok. Soz jok okmotko.
+1
kobra86
2015-06-20 17:23:29
ата энеси бар 4эмге уй беретда эмнеге ушул келинге бир болмолу уй бере алышпайт мумкун уч эмдин бироосу эли жерин ойлогон эр жигит болор...
+3
tynara1983
2015-06-20 18:28:38
ASHA maskvaga bir reis barbai koiso bir ui kelet ele, olsun bizdin okmot eri bar bolgon chende da bir komnata ui berish kerek ele!!!!!!!
0
mir_ak.kg
2015-06-20 21:14:24
Ошол жогоруда креслодо чалкалап отургандарныдын ысымын балдарына ыйгарганда бермек беле........? Ким билет ай......!? Эми жараткан Аллах куч кубат берсин балдарына озуно, аманчылык тынчылык ден-соолук болсо болот баары акырындан.
0
Alisher
2015-06-21 07:29:47
Замандашыбызга Аллах насип кылып уч балалуу болуу бактысына батып,бирок белгилуу себептерден оор турмушка кабылыптыр.Президентибиз бул эжеге да фонддон акча болуп жок дегенде бир болмолуу уй алып берсе жакшы болмок.Ал эми 100 000 сом акча эч нерсе деле болбойт,
Акыркы убакта шайлоо деп коптогон саясий партиялар эл учун куйгондой болуп,иш жургузуп жатышат (партиялардын ичинде чыныгы эл жерин суйгон кызмат кылам деген эр азаматтарда бар).Партиялар концерт оюн зоокту азыраак уйуштуруп, жол ондоп……..муктаж болгон уй булоолорго жардам колун узатса элибизда бааламак.
+1
tasnim
2015-06-21 17:16:24
Созсуз жогору жактагылардын атын балдарына койсо анан жардам беришеби биздикилер,эже сиз да ошондой кылбапсыз бул жетбегендерге
-1
Bilal2013
2015-06-21 22:39:23
ХХХ ХХХ ХХХ... Сооп болот эле ХХХ ХХХ
-1
admin_portal
2015-06-22 16:18:02
Bilal2013 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан