Өмүрбек Текебаев: "Тынчтык - чоң байлык! Жерибизде дайыма тынчтык жана аманчылык болсун!"

Бүгүн, 22-июнь - 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон депутаттар, партиянын жаштар канатынын жана коомчулуктун өкүлдөрү, борбордо Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтпай калгандарды дагы бир жолу эскеришти. Иш-чаранын жүрүшүндө баатырлар үчүн орнотулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, шейит кеткендер эскерилип, куран окулду. 

Эскерүү иш-чарасында сөз алган Өмүрбек Текебаев мындай деди: "Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесин бүтүндөй прогрессивдүү адамзаты белгиледи. "Ата Мекен" партиясы - советтик доордун жакшылыктарын унутпаган социалисттик партия. Ошондуктан биз 9-Май - Жеңиш күнүн белгилөөгө активдүү катыштык. Биздин жаштар канатыбыз Москвага барып, согуштун ардагерлери, жаштар менен жолугуп келишти. Ошол күнү Бишкек шаарынын түштүгүндөгү "Жеңиш" сейил багында баатырлардын урматына арнап салют аттырдык. Маалымат каражаттарында Улуу Ата Мекендик согуштун жана Жеңиштин мааниси, биздин мекендештердин патриоттук сезими жөнүндө көп пикирлерди айтып, жаш муундарга тарбия-таалим бере турган иш-чараларды жүргүздүк. 

22-июнь - бул согуштун башталган күнү. Кыргыз жеринен 300 миңден ашык адам согуш талаасына барып, 88 миңи, дээрлик ар бир үчүнчүсү согуш талаасында калган. Бүгүнкү күн кыргыз өлкөсүндө өзгөчө белгиленбей келе жаткан. Бирок кээ бир мамлекеттерде эскерүү күнү катары белгиленип жүрөт, анткени дүйнөдөгү эң чоң катастрофа Экинчи дүйнөлүк согуш болгон. СССРде эле оорукту кошуп эсептегенде 20-50 миллиондой адам өлдү деп эсептелет. Ошол чоң окуяда биздин жердештерибиз курман болгон, ошолорду бүгүн биз эскерип, алардын эрдигине дагы бир жолу баа бергенге мүмкүнчүлүк бар. Ошон үчүн жыйналып отурабыз. Тынчтык - бул чоң байлык! Жергебизде дайыма тынчтык жана аманчылык болсун!"

Иш-чаранын соңунда фракция өкүлдөрү эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2015-06-23 19:35:24
Мен озум коп жылдан бери карай Алматыда мигрант болуп иштегендиктен, казактардын " Оли риза болмайын тири байымайды" деген макалын жатка билем. Демек, "АТА-МЕКЕН" партиясынын бул иш жоролголорун туура деп санайм.
0
basyz-kaman.
2015-06-26 14:18:53
Медина 87 туура айтасың, мен дагы сенин пикириңе кошулам!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан