Алмазбек Атамбаевге "Жер-Үй" кенин иштетүүгө байланыштуу маалымат берилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июнда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алып, "Жер-Үй" кени тууралуу сүйлөштү. Мамлекет башчыга аталган кенди иштетүү укугун сынактан утуп алган компания тууралуу маалымат берилди. Зилалиевдин айтымында, жеңүүчү компания бюджетке төгүүчү сумманы: 100 миллион долларды толук төктү. Инвестордун мындан аркы ишинин планы тууралуу пикир алышуу болду. 
Алмазбек Атамбаев түшкөн каражатты эффективдүү пайдалануу зарылдыгын, кыргыз элинин жана жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгы корголушу керектигин белгилеп, агенттик башчысына өлкө экономикасынын кызыкчылыгында инвесторлор менен кызматташуу маселелерин дыкат иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.
Эскерте кетсек, "Жер-Үй" кенин иштетүү укугун орусиялык "Восток-геолдобыча" компаниясы утуп алган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан