Темир Сариев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 23-июнда өкмөт башчы Темир Сариев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. 
Төмөндө өкмөт башчынын куттуктоосу:

"Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен бул майрам бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында белгиленет.

Мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгү жеңил эмес жана туруктуулукту, берилип иштөөнү талап кылат. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү милдетин чечүүдө мамлекеттик кызматтын маанилүү ролу талашсыз. Сиздердин талыкпас жана кажыбас эмгегиңиздер өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүнүн негиздерин олуттуу түрдө чыңдап, аны өнүктүрүүгө салым кошот.

Өз өмүрүңүздөрдү мамлекетке кызмат кылууга арноо менен сиздер аны адамдарга кызмат кылууга жумшоодосуздар. Өлкөдө жүрүп жаткан прогрессивдүү саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр учурунда сиздерге алдыга коюлган интеграциялык пландарды жана программаларды ишке ашыруу боюнча чоң жоопкерчилик артылат. Мамлекеттик кызматкердин эмгеги калк үчүн жоопкерчиликтүү жана жемиштүү иштин, ошондой эле тартиптин жана жогорку кесипкөйлүктүн үлгүсү катары саналат.

Мамлекеттик кызматтын негизги максаты өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга шарт түзүү болуп саналат. Сиздердин бул ардактуу жана жоопкерчиликтүү ишти татыктуу аткарып жатканыңыздар кубандырат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз кезегинде мамлекеттик кызматтын калыптануусуна жана өркүндөтүлүшүнө көмөктөшүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды кабыл алууда.

Баарыңыздарды жетишилген ийгиликтер менен чектелип калбоого жана мындан ары карай дагы элибизге кызмат кылууга чакырам.

Өзүмдүн жеке атымдан жана өкмөттүн атынан дагы бир ирет Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен куттуктайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан