Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кыр-Жол айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 8 үй курууга 11 миллион 400 миң сом бөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Каражат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каржылык колдоо көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.
Эскерте кетсек, туура бир ай мурун Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үйдү басып калган. Кырсыктан 6 адам каза болгон эле.