Жайдын 1 айы артта калса да, Ысык-Көлдө эс алган адамдардын саны арта элек (фоторепортаж)

Жай мезгилинин биринчи айы аяктап бара жатса да, Ысык-Көлдө эс алган адамдардын саны жокко эсе. Көлгө бирин-серин келип түшкөндөр жээктин ээн экенине сүйүнүп, жылып калган сууга чумкуп алышууда. Ал арада пансионаттардын ээлери мындай туристтик маанайды көрүп көңүлдөрү чөгөт. 

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ден соолукту чыңдоочу жайлардын биринин директору Жеңиш Мукамбетовдун айтымында, жайкы сезон июндун башында ачылганы менен, туристтер эс алууга июль айынын ортолорунан баштап келе баштайт.

Учурда Ысык-Көлдө адаттагыдан жамгырлуу жана шамал күндөр көп болгондуктан, биз быйылкы сезондун начар болуп калышынан коркуп турабыз. Бүгүнкү күндө көлгө келип эс алгандар өтө аз, жок десе болот. Жылда активдүү эс алуу июлдун 15инен кийин башталып, ошону менен 25-августка барып аяктайт”,- деди Мукамбетов.

Айта кетсек, Ысык-Көл облусунда жалпысынан 180ге жакын эс алуучу жай бар. Алардын 150сү Ысык-Көл районунда жайгашкан. Жыл сайын орто эсеп менен бул пансионаттарга миллионго жакын турист келет.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
as.fanat
2015-06-25 13:44:08
...погода начар болуп атса анан..."это будет в июЛе, на Ыссыккуле)" бекеринен ырдаган эмес го...эми кобойсо керек элдер)))
+2
mandalak
2015-06-25 13:51:07
Омоой Калыс менен Аза эмне кылып журот экоо жургон жерден чоп чыгабы. ))) экоо кетет анан колго барышат ))))
+5
snejinka
2015-06-25 17:04:38
Мен жаан, суук болсо да барып келгим келип атат, жөн гана жээкте басып.
+3
as.fanat
2015-06-26 12:06:04
snejinka, бииир раслабон кармапбы э?)))
0
zman53
2015-06-26 11:42:34
Жылдагыдан пансионаттардын баасы ото эле кымбат.Копчулук туристердин баардыгы Крымга кетип жатат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан