Жалал-Абад облусунда Тогуз-Торо районунун тургундары кышкысын арзан көмүр менен камсыз кылуу маселесин чечип берүүнү суранышууда. Бул тууралуу депутат Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында билдирди.
"Тогуз-Торо аймагында ири көмүр кени ачылып, анын сапаты кыйла жакшы экени аныкталган. Бирок кен Саймалуу-Таш коругунун аймагында жайгашкандыктан, көмүр казып алууга уруксат берилбей жатыптыр. Эгер кен ишке кирсе, жергиликтүү тургундар кошумча жумуш орду менен камсыз болмок. Ошондуктан өкмөт кенди экологияга зыяны тийбегидей кылып иштетүү жолун иликтеп чыгышы керек",- дейт депутат.
Депутат Тогуз-Торо районунун шартынын катаалдыгын, кышкысын көбүнчө башка аймактар менен катташа албай каларын кошумчалады.