Наталья Никитенко Суу кодексин өзгөртүү демилгеси тууралуу: "Биз мурдагы мыйзамсыз иштерди мыйзамдаштырбашыбыз керек"

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Ага ылайык, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн башка жерге көчүрүүгө макулдук берилмекчи.
Жыйында депутат Наталья Никитенко "бул долбоор менен өкмөт мурдагы бийликтин мыйзамсыз иштерин мыйзамдаштырганы жатат" деп пикирин айтты. "Мындай мамилени токтотуу керек. Канчалаган доо арыз берилди, экологияга канчалаган зыян тийди. Мен өкмөттүн мындай позициясын колдобойм",- деди Никитенко.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев канадалык "Центерра" менен 2009-жылы бекитилген келишим өкмөттүн колун байлап жатканын билдирди. "Мындан улам бардык чыр-чатактар пайда болууда, бирок биз ийгиликтүү жыйынтыкка келебиз деген ишеничтебиз",- деди Сарпашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан