Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Ага ылайык, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн башка жерге көчүрүүгө макулдук берилмекчи.Талкуу жүрүшүндө "Кумтөр" кениндеги мөңгүлөрдү көчүрүү демилгеси жаатында бир катар кайчы пикирлер айтылды. Айрым депутаттардын пикиринде, бир ишкана үчүн эки мөңгүнү жок кылуунун зарылдыгы жок. Айрым депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришти. Ал эми өкмөт өкүлдөрү эл өкүлдөрүн мыйзам долбоорун кабыл алууга жана "Кумтөрдөгү" техногендик кыйроого жол бербөөгө чакырышты.Аталган мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин 26-июндагы кезексиз жыйынында добуш берилет.