Өкмөт башчы Баткендеги "Миң-Булак" чек ара тозотунун курулуш иши менен таанышып, анын сапатына канааттанган жок

Өкмөт башчы Темир Сариев 25-июнда Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ак-Сай айыл аймагындагы Кара тилкесиндеги "Миң-Булак" чек ара тозотунун курулуш иши менен таанышты.

Сариев 35 орунга эсептелген бул чек ара тозотунун имараты аталган бекеттин Кыргыз Республикасынын чек арасын бекемдөөдөгү мааниси чоң экенин айтты. 

Темир Сариев 80 пайызга бүткөрүлүп калган бул имараттын курулушу менен таанышып чыккан соң, анын сапатына канааттанбаганын билдирип, тийиштүү ведомство өкүлдөрүнө курулуш иштерин аткарган компаниянын жоопкерчилигин карап чыгууну тапшырды.

“Өлкө чек арасындагы коопсуздукту сактоо – өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири. Буга жараша чек араны тактоо боюнча делимитация жана демаркация маселелерин тездетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Мындай тозотторду курууга бюджеттен акча каралып жаткан соң, анын сапатына да жоопкерчиликтүү мамиле болушу тийиш”,- деди өкмөт башчы.

Белгилүү болгондой, чек ара тозотун электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйлүү маселеге айланууда, анткени энергияны Тажикстан Республикасынын Согдий облусунан алуу каралган. “Буга байланыштуу маселени облустук жетекчилер ортосунда чечүүгө аракет жасап, андан майнап чыкпаса, мамлекеттик деңгээлде чечүү аракети көрүлүшү зарыл”,- деп кошумчалады Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан