"Ошто айрым жетекчилердин айынан үч миңдей жаран газ пайдалана албай келген" дейт Айтмамат Кадырбаев

Убагында одоно мыйзам бузуулар менен коштолгон мэриянын токтомунун айынан курулуштар үчүн мыйзамсыз жер берилип, 2012-жылдан бери Ош шаарынын Резиденция турак жай массивиндеги 8 көчөнүн, Достук аймактык кеңешинин 215-кварталындагы 22 үйдүн жана Туран кичи районундагы 300 үйдүн тургундары, Төлөйкөн кичи районундагы шаардык төрөт үйү, жалпысынан 3000ден ашык абонент 3 жылдан бери газсыз жашоо кечирип келген. Муну 25-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге шилтеме берүү менен мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Газ түтүктөрүнүн үстүнө курулган турак жайлардан улам коопсуздук үчүн “Газ чарба” ишканасы 2012-жылы  аталган газ түтүктөрүнөн көгүлтүр от берүүнү токтоткон.

"Тоң моюн, жоопкерчиликсиз жетекчилердин айынан миңдеген адамдар жабыркашууда. Ал тургай дал ушундай жетекчилердин айынан мектеп, балдар бакчалары курулуучу жер тилкелери да жең ичинен менчикке сатылып кеткен фактылар бар. Учурда айрымдарын соттук тирешүүлөрдөн утуп чыктык. Элдин, балдардын акысына кол салгандарды эл душманы десек болот. Мыйзамсыз чыгарылган чечимдердин айынан мамлекет миллиондогон чыгымдарга учурап жатат",- деди Кадырбаев аталган аймактын жашоочулары менен жолугушууда.

Аймактын тургундарына газ эки аптадан кийин берилери айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан