Парламентаризм күнүн 4-июнга белгилөө сунушталууда

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “25-мартты Парламентаризм күнү деп белгилөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Токтом долбоору боюнча демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева баяндама жасады. Ал Кыргыз Республикасында парламентаризмди чыңдоо жана өркүндөтүү максатында токтом долбоору иштелип чыкканын билдирди.

Ошону менен катар серепчилер, саясат таануучулар катышкан иш-чарада парламентаризмдин тарыхынын өзөгүн коомчулук билиши керек деген ойлор айтылып, Парламентаризм күнүн кайсы күнү белгилөө боюнча тегерек стол өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Анда тарыхчы-окумуштуулар кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөр жана жер-жерлерден делегаттар болуп 425 адам катышкан 1922-жылдын 4-июнундагы съезддин тарыхый маанисине кеңири токтолуп, бул күндү Парламентаризм күнү катары белгилөө боюнча бир пикирге келишкендигин айтты.

Жыйында депутаттар ортосунда бир катар кайчы пикирлер айтылгандан кийин “4-июнду Парламентаризм күнү деп белгилөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан