Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербург шаарындагы бир катар ишканаларда болду

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов Санкт-Петербург шаарындагы бир катар ишканаларда болуп, ишкана башчылары менен пикир алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 26-июнда билдирди. 

Маалыматка ылайык, анда "Горэлектротранс" ишканасынын жетекчисинин кеңешчиси Сергей Китаев ишкана тууралуу кенен айтып берди. "Санкт-Петербург газ менен жүрүүчү автобус жана трамвайларды каттамда арттырып, экологиялык транспортко басым жасап жатат",- деди Китаев.

Ал эми К.Кулматов өз кезегинде Бишкекте троллейбуска көбүрөөк басым жасалып жатканын айтты. С.Китаев калктын саны шаарда арткан сайын көп эл батыра ала турган унаага муктаждык болорун белгиледи.  

Жыйынтыгында мэр Питердин шаардык кызматтарынын адистерин тажрыйба алмашуу үчүн Бишкекке чакырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан