26-июнда өкмөт башчы Темир Сариевдин төрагалыгы астында өкмөттүн жыйыны болуп өттү. Жыйын жүрүшүндө чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынын социалдык укуктарынын абалы, Кыргыз Республикасында балдарга ырайымсыз мамиленин алдын алуу жана жоюу чаралары, 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу планы каралды.
Жыйында өкмөт башчы кабыл алган бардык чечимдерин аткарууга көзөмөл күчөтүлүп жатканын билдирди. Ал буга чейин берилген тапшырмалардын негизинде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы үч окуучунун өмүрүн алган жол кырсыгынын алдын албаганы үчүн билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага, Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуевге сөгүш берди. Ал эми билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага эскертүү берип, Ала-Бука райондук билим берүү башкармалыгы жана Жалал-Абад облустук жол-кайгуул кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо маселесин койду.
Ал буга чейин бул маселе боюнча вице-премьер-министрлерге, Билим берүү жана илим министрлиги, Ички иштер министрлигине үч мектеп бүтүрүүчүсүнүн өмүрүн алган жол кырсыгынын жагдайларын тыкыр териштирип, ага жол берген жооптуу адамдардын жоопкерчилигин кароону жана анын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү тапшырган эле.
Эске салсак, Ала-Букада бүтүрүү кечесин белгилеп жаткан окуучулар 22-июнь күнү жол кырсыгына кабылып, 2 окуучу жана 1 оператор набыт болгон. Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу жана калган 5 окуучу ооруканага жаткырылган. Көп өтпөй жол кырсыгына кабылган бүтүрүүчүлөрдүн дагы бири ооруканадан каза болгон.