Бүгүн, 27-июнда президент Алмазбек Атамбаев тынч жарандардын курмандыгына алып келген “Имам Ас-Садык” мечитинде ишке ашырылган террордук актка байланыштуу Кувейт өлкөсүнүн эмири Сабах аль-Ахмад аль-Жабер аль-Сабахка көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
“Кыргыз Республикасы терроризмди анын бардык көрүнүштөрүндө чечкиндүүлүк менен айыптайт жана эл аралык коомчулуктун бул коркунучка каршы күрөш жүргүзүү боюнча аракеттерин колдойт”,- деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
Президент каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетишин каалаарын билдирди.
Кошумчалай кетсек, Эль-Кувейт шаарындагы жардыруу 26-июнда болуп, 10дон ашык адам көз жумду. Ошондой эле көп сандагы жаракат алгандар бар.