Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолукту

Бүгүн, 27-июнда премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолукту. Жолугушууда Кыргыз Республикасында жашаган ар кыл улуттардын диаспораларынын, маданий борборлорунун мүчөлөрү менен баарлашып, өлкөдөгү улут аралык ынтымакты бекемдөө жана өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулады. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ассамблеянын төрагасы Бектемир Мурзубраимов аталган органдын өлкөдөгү улут аралык ынтымак жана достукту бекемдөө максатындагы аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Т.Сариев Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясынын өлкөдөгү биримдикти жана тынчтыкты бекемдөөдө мааниси чоң экенин билдирип, алардын аткарып жаткан иши үчүн ыраазычылык билдирди.

“Учурда аталган ассамблея улут аралык ынтымакты бекемдөөдө абдан чоң иштерди аткарып жатат. Өлкөбүздө жашаган 80ден ашык улуттун башын бириктирип, жөнөкөй адамдык мамилени бекемдеген аянтчанын бар экени абдан маанилүү. Биз бири-бирибизден жаңы нерселерди үйрөнүп, рухий, маданий жактан байып жатабыз. Ассамблеянын негизги милдети - тынчтыкты, туруктуулукту бекемдөөгө салым кошуп, адамдардын улутуна, динине карабастан, бардык адамдарга бирдей шарт түзгөн, өнүккөн, кубаттуу, коопсуз кыргыз өлкөсүн курууга көмөктөшүү”,- деди Темир Сариев.

Жолугушуунун жүрүшүндө ассамблеянын мүчөлөрү премьер-министрге ыраазычылык билдирип, ассамблеянын имаратына байланыштуу маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясынын имаратын толугу менен оңдоодон өткөрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берерин билдирди. Ошондой эле премьер-министр мындай жолугушууларды алдыда дагы уюштуруп турууга убада берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан