Республикалык бюджет: Июнда кошумча чыгымдар 633 миллион сомду түздү

2015-жылдын июнунда республикалык бюджеттин кошумча чыгымдарынын көлөмү 633 миллион 700 миң сомду түздү. Каржы министрлигине таянсак, каржылык эмес активдер боюнча чыгымдар 202 миллион сомду түзөт, анын 181 миллион 485 500 сому “имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча чыгымдар, 20 миллион 548 800 сому “машиналар жана жабдуулар” беренеси боюнча чыгымдар. "Операциялык чыгымдарга 386 миллион 650 300 сом жумшоо пландалууда. Негизги каржылык план боюнча 2015-жылдын июнь айындагы республикалык бюджеттин жалпы ресурстарынын каржылык планы 6 миллиард 260 миллион 500 миң сом, жалпы чыгымдардыкы 9 миллиард 58 миллион 500 миң сом суммасында пландалган",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан