Өмүрбек Текебаев: "Ата Мекен" менен "Улуттар биримдиги" бириккен жок, кызматташууну сүйлөштүк"

"Ата Мекен" партиясы "Улуттар биримдиги" партиясы менен бирикти" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Муну SUPER.KG порталына бүгүн, 29-июнда “Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматы кабарлады. 
"Партия лидери Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясы "Улуттар биримдиги" партиясы менен бирикпейт, бирок кызматташат. Учурда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул жерде биригүү эмес, кызматташтык тууралуу сөз болуп жатат" деп билдирди",- деп маалымдады аталган кызмат.
Айта кетсек, бүгүн жогоруда аты аталган эки партия бириккени тууралуу маалымат тараган эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан