Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Израилдин жараны кармалды

Интерполдун КРдагы Улуттук борбордук бюросу жана Бишкек ШИИБи тарабынан Бишкектен эл аралык издөөдө жүргөн 40 жаштагы Израилдин жараны Ронен Милрад кармалды. Р.Милрад Израилдин укук коргоо органдары тарабынан бир катар оор кылмыштарга (алардын ичинде мыйзамсыз адамдын органдарын сатуу, алдамчылык жолу менен 7 миллион доллар өндүрүү жана башкалар бар) шектелип, издөөдө жүргөн. Ага аталган кылмыштар үчүн Израилде 49 жылга эркинен ажыратуу каралып жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле айыпталуучунун Кыргызстанда Милорадов Роман Иосифович деген жасалма паспорт менен жашырынып жүргөндүгү белгилүү болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан