Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү сүйлөшүлдү

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2-июлда Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда 2014-2020-жылдардагы Евробиримдиктин Кыргыз Республикасы үчүн индикативдик программасынын алкагындагы кызматташуусу талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалды. Мындан тышкары эки тараптуу мамиледеги приоритеттүү багыт катары мыйзамдуулуктун жогору турушу, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан