Абдимиталип Сатыбалдиев: "Ата Мекен" партиясы Ош шаарынын өнүгүүсүнө өз салымын кошот"

Эртең, 4-июлда "Ата Мекен" социалисттик партиясынын Ош шаардык бөлүмүнүн партиялык конференциясы өтөт. Ош облусунда партиянын 16 миңден ашык мүчөcү бар болсо, анын 4 миңге жакыны Ош шаарынын тургундары. Аталган конференцияга партиянын лидери Өмүрбек ТекебаевБолот Шер баш болгон депутаттар катышат. Конференциянын жүрүшүндө партиялык түзүмдүн көйгөйлөрү, партиянын Ош шаардык уюмунун аткарган жана аткарчу иштери туурасында кеп козголмокчу. 

"Дээрлик 700-800 миң калк жашаган Ош шаарынын көйгөйлөрүн чечүүдө "Ата Мекен" партиясынын шаардык уюму, шаардык кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы менен биргеликте иш алып барат. Шаардык уюм "Бишкек жана Ош шаарларынын статусу" боюнча мыйзам долбоорун, Ош шаарынын башкы планын иштеп чыгууга түздөн-түз катышып, "Ата Мекен" фракциясынын 2 жыйыны Ош шаарында өттү. Мындан тышкары Өзбекстандан Ош шаарына газ келбей калганда партиябыздын Ош шаардык бөлүмүнүн аракеттеринин натыйжасында Ош шаарын электр кубаты менен бекемдөө иштери аткарылды. Ал эми шаарда курулуп жаткан чоң көпүрөнүн курулушунун кайрадан жанданышына биздин бөлүмдүн дагы таасири тийди. Ошондой эле депутаттардын Ош шаардык кеңешиндеги Абдымамбет Сыдыков жетектеген фракциябыздын демилгеси менен шаардагы медицина мекемелеринде иштеген кенже медициналык кызматкерлердин коммуналдык төлөмдөрүн шаардык бюджеттен төлөтүүгө жетиштик (7 миллион сом). Мындан ары да Ош шаарынын өнүгүүсү үчүн биздин шаардык уюм, шаардык кеңештеги фракциябыз жигердүү иштей бермекчи",- деди "Ата Мекен" партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Абдимиталип Сатыбалдиев.

Айта кетчү жагдай, 9-июлда "Ата Мекен" партиясы Бишкек шаарындагы "Ашар" кыймылы баш болгон үй куруучулар менен жолугушат. Жоолугушууда Бишкектин айланасындагы, республиканын шаар-айылдарындагы турак жай көйгөйлөрү талкууланып, партия өзүнүн "Турак жай куруунун жаңы концепциясын" коомчулукка алып чыкмакчы. Ал эми 11-июль күнү партиянын Жалал-Абад облустук конференциясы өтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asilkg
2015-07-03 21:08:47
Жомок
+2
sarbo
2015-07-03 21:13:34
ооба шайлоо откончо тил эмизуу
+1
spinkub
2015-07-04 08:41:49
Мен тушунбойм,качанга чейин алданабыз туугандар! Бул бети жоктор айтып отурса кыйратып койду чекеден! Намыс барбы жазган адам!!
+1
Kana
2015-07-04 20:02:00
Ушул убакытка чейин Ата Мекен партиясы бир жерге бир иш кылып берди дегенин окуй элекмин.Шайлоодон кийин кайра эле унутуп калат айткан создорун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан