Токтогул районунда сууга агып кеткен аялдын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагындагы Узун-Акмат суусуна 4-июлда болжол менен саат 16:30да 1970-жылы туулган Үмүт Момуналиева жуунуп жатып агып кеткен. Түшкөн жеринен 12 чакырым ылдый жактан суудан жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады. Издөөнү ӨКМнын №97-аскерлештирилген бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүштү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан