Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Бүгүн, 6-июлда Казакстандагы иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушууда эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди 75 жылдык мааракеси жана Астана шаарынын күнү менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчы Казакстандын президентине Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы  Манас орденин тапшырды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан