Темир Сариев жетектеген өкмөт мүчөлөрү "Кумтөр" кениндеги мөңгүнү бузууга парламенттин макулдугун алууга катуу аракеттеништи. Көк үйдүн позициясын колдогон чиновниктер "ишибиз чатак, мөңгүнү бузууга макулдук бербесек болбойт" дешип парламент депутаттарын ынандыруу камында болушту. Жогорку Кеңештин акыркы жыйындарынын биринде өкмөт мүчөлөрүнүн айткан сөзүн мисал келтирели:
"Мөңгүнү талкалоого айласыздан макулдук берилгени жатат, башка альтернативдүү жол жок. Давыдов мөңгүсү улам ордунан жылып, карьерди басып калуу коркунучун жаратууда. Эгер мөңгүнү башка жакка жылдырууга макулдук берилбесе, "Кумтөр" 6-июлда ишин токтотот. Мөңгү сүрүлүп түшүп кенди басып калат... "Кумтөрдүн" токтошу канадалыктарды капа кылбайт, тескерисинче, "Центерра" сүйүнгөн бойдон өлкөдөн кетет да, "бизди иштетпей коюшту" деп кыргыз тарапты миллиарддаган суммага Эл аралык сотко берет. Мунун кесепети өлкө экономикасы үчүн абдан оор болуп калышы мүмкүн".
Бирок парламенттеги айрым фракциялардын каршылыгынан улам өкмөттүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүү аракети 3-окууга жетпей токтоду. Күчтүү каршылык жана көпчүлүктү ишендирүүчү курч сындарды эсепке алганда, өкмөткө мыйзам долбоорун артка чакыртып алуудан башка жолдор буулган эле. Акыры ошентти, долбоор азыр өкмөттө.
Бүгүн, 6-июль... Өкмөттүн аргументи боюнча бүгүн "Кумтөрдү" мөңгү басып калып, ишкана токтошу керек эле. Бирок "Кумтөр" кадимкидей ишин улантууда, азырынча карьерди мөңгү баспай-этпей эле... Демек, мындай аракеттин артында кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы турганы билинип калды. Депутаттар каникулга кетер алдында шашылыш пайдаланып, эптеп керектүү мыйзамды өткөрүп алуу аракети жүрдү десек болот.