Бүгүн, 6-июлда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева, депутат Наталья Никитенко, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, коомчулуктун өкүлдөрү Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын шаардагы жолдордун курулушу, оңдолушу жана жаңы жолдордун курулушу боюнча презентацияларына күбө болушту. Презентациянын жүрүшүндө аталган мекеменин адистери жолдорду жаңы куруу, эскилерин оңдоо жана айланма жолдордун эсебинен Бишкек шаарындагы унаа тыгындарын азайтуу жагдайларын кеңири айтып беришти. Ошондой эле Бишкек шаарынын, аны айланта курчап турган 54 конуштун инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы пландары тууралуу депутаттар менен ой бөлүштү жана жолдор боюнча 29 долбоорду көрсөтүштү. Алардын болжолу боюнча, бул долбоордун негизинде Бишкек шаарында 160 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолуп жана реабилитацияланмакчы.
"Шаардагы тыгындар бүгүн эң чоң көйгөйлөрдөн. Аларды жоюу - биздин негизги милдеттерибизден. Жол кырсыгынан адамдардын каза болушу боюнча КМШда биринчи орунда турабыз. Жылына 5 миңге жакын адам жол кырсыгынан каза болуп, 35 миңдей адам ар кандай жаракаттарды алат. Ошондуктан кырсыктардын санын азайтууда ушул аталган тыгындарды жоюу маанилүү орунда турат.
Экинчиси, шаардын борбору чаржайыт жайгашкан: шаардын ичинде жаңы имараттар да, 30-50-жылдардагы кыйрап калган үйлөр да турат. Курулуш жаңыланган эмес. Биз атайын мыйзамдын негизинде шаардын борборун жаңылоо жагын кароону сунуштап жатабыз. Акча табуу өкмөт менен ЖКнын маселеси болот.
Үчүнчүсү, Бишкекти 50дөн ашык жаңы конуштар курчап турат. Бир шаар болгону менен, калк эки маданиятка бөлүнүп калды: келгиндер жана тургундар болуп. Биздин партиянын милдети ошол ажырымды жоюп, гүлдөгөн, заманбап Бишкекти жаратуу болуп эсептелет. Бул милдетти ишке ашырууда Бишкек башкы архитектурасынын ролу абдан чоң",- деди Өмүрбек Текебаев.
Бул көйгөй 9-июлда Бишкек шаарынын айланасындагы "Ашар" козголушу баш болгон үй куруучулардын "Ата Мекен" партиясынын депутаттары менен болгон жолугушууда ар тараптуу каралат.