Саламаттыкты сактоо уюмдарын каржылоого июнда 494 миллион 800 миң сом бөлүндү

Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бирдиктүү төлөө системинде иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн 2015-жылдын июнь айына республикалык бюджеттен каржылоо 494 миллион 800 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда аталган фонддон кабарлашты. Маалыматка таянсак, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражатынан 145 миллион 200 миң сом каржыланды. "Мунун ичинен милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасынын алкагында дары-дармек менен камсыздандырууга 14 миллион 400 миң сом каралды",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан