7-июлда өкмөт башчы Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу алкагындагы даярдыкка арналган жыйын өттү.
Жыйында ЕАЭБге кошулуу алкагында чек араларды ачуу боюнча чараларды ишке ашыруу, “Торугарт”, “Эркеч-Там” бажы пункттарында үзгүлтүксүз интернет жана байланышты камсыз кылуу боюнча маалыматтык түйүндү ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу алдындагы Кыргыз Республикасы менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы атайын техникалык каражаттар менен камсыз кылуу даярдыгы тууралуу маселелер каралды.
Жыйын жүрүшүндө Сариев Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу боюнча келишимди макулдашуу жараянын биримдикке мүчө мамлекеттер жакынкы күндөрү толугу менен аякташарын белгилеп, чек араларды ачууга бардык мамлекеттик органдар даяр болушу керектигин эскертти. Ошондой эле ал бул багыттагы айрым кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди.
“Чек аралардын өз убагында ачылышы мамлекеттик органдардын сапаттуу жана иштиктүү ишмердигинен көз каранды. Тиешелүү органдардын жетекчилери бул багытта жоопкерчиликти сезип, тез аранын ичинде иштерди бүткөрүшү зарыл”,- деди өкмөт башчы.