Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда Сузак районунда Көк-Арт дарыясына курулган көпүрөнүн ачылышына катышты. Республикада эң чоң көпүрөлөрдүн бири ачылып жатканын белгилеген президент: "Бул көпүрө стратегиялык мааниге ээ. Бул аркылуу өтүүчү жолдун узундугу 570 чакырымды түзөт жана ал Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары аркылуу өтөт. Жол көптөгөн аймактарды бириктирет",- деп билдирди.
Мамлекет жетекчиси бул көпүрө 20 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөнүн, авариялык абалда турган көпүрөнү бузуп жаңысын курууга 12 миллион доллар кеткенин кошумчалады. "Көпүрө эки жээкти бириктирет, адамдарды жакындатат, мамлекетибиздеги элдердин биримдигин бекемдейт. Эгерде адам таарынышкан кимдир бирөөлөрдү жараштырса, ал ошол адамдардын ортосуна көпүрө болду деп айта алабыз. Достук, биримдик үчүн ар бир адам көпүрө боло алат. Бул айрыкча чагымчылдыктан улам конфликт чыккан өлкө түштүгүнүн тургундары үчүн өзгөчө мааниге ээ",- деди Алмазбек Атамбаев.