Премьер-министр Темир Сариев 8-июлда Бишкектеги “Дастан” заводу жана Бишкек штамптоочу заводу менен таанышты. Премьер-министр аталган заводдор өлкө коопсуздугу жана өндүрүшү үчүн зор мааниге ээ экенин белгилеп, өкмөт бул объекттерде өндүрүштү токтотпоо үчүн бардык күчүн жумшаарын билдирди.
“Бишкек штамптоочу заводунун иши акыркы жылдары токтоп калып, көптөгөн жабдыктары сатылып кеткен эле. Акыркы жылдары гана заводдун ишин жандандыруу аракеттери көрүлүп жатат. Учурда заводдо кадрларды даярдоо боюнча маселе бар экен. Өкмөт мунун үстүнөн иш жүргүзөт”,- деди Сариев.
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге аталган заводдордун ишин өнүктүрүү боюнча план иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.