Президент Алмазбек Атамбаев “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам укук-ченемдик актыларды инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамдын жоболорун Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга жана Жарандык процесстик кодекске шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды.
Кабыл алынган мыйзамдын негизги жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн топологияларды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.