Июлда бюджеттин кирешеси 7,8 миллиард сомго, чыгымы 8,9 миллиард сомго пландалууда

2015-жылдын июль айында республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 7 миллиард 893 миллион сом суммасында, жалпы чыгашалары 8 миллиард 903 миллион сом суммасында пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Каржы министрлигинен билдиришти.

"Каржылык эмес активдер боюнча чыгашалар 1 миллиард 277 миллион сомду түзмөкчү, мунун ичинде “имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча 1 миллиард 275 миллион сом, “машиналар жана жабдуу” беренеси боюнча 2 миллион сом жумшоо пландалууда. Министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик мекемелер аркылуу каржылануучу чыгашаларга 5 миллиард 619 миллион сом жумшоо пландалууда. 1 миллиард 590 миллион сом эмгек акыга жана 1 миллиард 404 миллион сом социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга жумшалат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан