Бишкек шаарынын эки райондук сотунун төрагалары шайланды

Бишкек шаарынын эки райондук сотунун төрагалары шайланды. Бул тууралуу 8-июлда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда,
Октябрь
райондук сотунун төрагасы болуп Эрнис Чоткараев, Ленин райондук сотунун төрагасы болуп Аида Сейдакматова шайланды. 

Эскерте кетсек, кечээ, 7-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү расмий аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф.Жамашеванын жана Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда болду. 17-июнда болсо Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун жаңы шайланган судьялары салтанаттуу түрдө ант беришкен. Жаңы шайланган Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан