Орусиядан алынып келинген комбайндар оруп-жыйноо иштерине киришти
Кыргыз мамлекетинин айыл чарбасындагы техникалардын 87 пайызынын эскилиги жеткен. Колдонуу мөөнөтүнөн өтүп кеткен комбайндар менен буудай орууда дандын көбү саман менен чыгып, дыйкандардын мээнети текке кетет. Карапайым калктын чыгашасын үнөмдөп, сапаттуу техникалык кызмат көрсөтүү үчүн жер-жерлерде МТСтерди курап, айыл чарбасына олуттуу салым кошуп келе жаткан "Өнүгүү-Прогресс" партиясы Орусиядан атайын комбайндарды алып келди. Жаңы техника алгач Чүй облусунун буудайын жыйнап, андан ары Ош облусунун Кара-Суу районунунда жалпы дыйкандардын көзүнчө сындан өтүп, эгин талааларына бөлүштүрүлдү.