Кулов кайрылуусунда 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун биринчи туру 20-февралда, экинчиси 12-мартта өткөнүн, Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттарды 14-апрелде каттаганын белгилейт. "2005-жылы 27-февраль - 13-мартта 5 жылдын бүтүшү менен парламент депутаттарын шайлоо болгон. БШК депутаттарды 22-мартта каттаган. Бирок 24-мартта революция болуп кеткендиктен, жаңы курам өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүгө жетишпей калган, ал эми эскиси өзүнүн мөөнөтүн толук бүтпөй калган абал жаралган. Азыркы Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук жана адам укуктары комитетинин шайлоо ноябрдын биринчи жекшембисинде өтүшү керектиги тууралуу чечимин эске алып, ошондой эле Жогорку Соттун 2005-жылдын 24-мартындагы токтомун жетекчиликке алуу менен шайлоону ноябрдын алгачкы жекшембисинде эмес, 1-ноябрга дайындоону суранам",- деп айтылат Куловдун катында.